• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Соттук отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.05.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши каралууда.

Соттук отурум күбөлөрдүн жок болгондугуна жана мамлекеттик айыпталуучунун ооругандыгына байланыштуу өткөн жок.

Кийинки отурум 20-майга белгиленди.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий