Кыргызстанда акыркы 3 жылда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Алардын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери.
"Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар жана башка кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 млрд сомдон ашып кетти", - деп билдирген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев телеканалдардын бирине берген маегинде.
Буга УКМК тарабынан акыркы эле Чүй облусундагы баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өнөр жай багытындагы жерлердин мамлекеттин балансына кайтарылышы ачык мисал боло алат. УКМКнын маалыматы боюнча бул жердин кайсы жылы менчиктештирилгени белгисиз, бирок канча жылдан бери көпчүлүктү кызыктырган бул жердин мамлекетке өткөнү баарыбызга белгилүү болду. Бул жерге президент Садыр Жапаровдун чечими менен жарандар үчүн көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдү куруу пландалууда. Турак-жайлар 20-25 жылдык мөөнөт менен ипотекага берилип, 100 миңден ашык үй-бүлөөнү батир менен камсыздай турган Кемин шаарынын курулушу 2025-жылы башталаары маалым болду.
Кыргызстандын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер жана окумуштуу Жамин Акималиев Кыргызстандын жерлеринин 94%ын тоолор түзөрүн, болгону 6% жерди өрөөн, түз жерлер түзүп, айыл чарбасына, курулушка ыңгайлуу экендигин белгиледи.
"Жер бул мамлекеттин негизги байлыгы, жер болбосо эл болбойт. Биз легендарлуу парламенттин депутаттары 1993-жылы 5-майда Конституцияны кабыл алууда талашып-тартышып жатып Кыргызстандын шартында жер мамлекеттин гана менчиги болуп эсептелет, жер сатылбайт жана сатып алынбайт деп жазып, кабыл алганбыз. Тилекке каршы, Баш мыйзамга кол койгон ошол кездеги президент, бир жылдан кийин парламентти таратып, Конституцияны өзгөрттү. 1994-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Кыргызстанда жер сатылат жана сатып алынат деп жазылып, жерди товарга айландырып коюшту. Негизи жерди товар кылып сатуу бул ата мекенди сатканга барабар деп айтмакчымын. 1994-жылы агрардык жер реформасынын жүрүшү менен бардык жерлер жеке менчикке өтүп, Совет мезгилинде түзүлгөн колхоз, совхоз жоюлуп, бардыгы жеке менчикке айланып калды. Жеке менчикке айлангандан кийин ошол учурда жерлер товардай эле оңго-солго сатыла баштаган. Ошентип отуруп, 30-жылдын ичинде биз көп жерден ажырап калдык. Негизинен айдоо жерлер башка максаттарга колдонулбай, айыл чарба жаатында гана колдонулушу керек. Мына эми жаңы бийлик көптөгөн жерлерди мамлекетке кайтарууда, бул абдан жакшы көрүнүш. Шылуундар алып кеткен жерлерди кайрадан мамлекетке кайтаруу кубаттай турган иш. Бирок бул жерлерди мамлекетке кайтаруу жалгыз эле УКМКнын иши эмес, жалпы коомчулуктун, баарыбыздын ишибиз болушу керек. Бул жагынан биз да бийликке жардам беришибиз зарыл. Аткарылып жаткан иштерди илимпоз, агроном катары кубаттайм, себеби айыл чарбага жарай турган миңдеген гектар жерлер да мыйзамсыз менчиктештирилип, башка максаттар үчүн колдонулуп кеткен учурлар арбын”, - дейт Акималиев.
Бүгүнкү күндө УКМК тарабынан өлкөнүн ар кайсы аймактарында мыйзамсыз менчикке чыгарылып кеткен имараттар, жер тилкелери жана башка объектилер мамлекеттин балансына, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине (ММБМА) байма-бай кайтарылууда.
Август айындагы эле УКМКнын коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү, мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу иштерине саресеп салып айрымдарына токтолсок, 1,14 га жер тилкеси жана 3 миң чарчы метрден ашык соода жайлары бар мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен "Старый Толчок" - "Евразия" базары мамлекеттин балансына кайтарылды. Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда "Буудай" ААКка тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси, Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Ош-Дюбек" тамеки заводу менчиктештирип алган 10 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды. Ошондой эле 1997-жылы ар кандай үлүштөрү бар жеке адамдар тарабынан "Токмок ПАТП" ААКты (автобекетти) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, базар баасы 117 млн сомдон ашык болгон аталган объект жер тилкеси жана административдик имараты менен мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагындагы баасы 35 млн 865 миң 868 сомду түзгөн 5 гектар жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды.
Экономист Эркин Абдразаков айтымында, өлкө эгемендүүлүк алган алгачкы жана 1993-жылдардан кийин жер суу реформасы башталган. Ишкана, мекемелердин баары акционердик коомдорго айланып, үлүштөргө бөлүнүп, ар бирине ээлик кылган мүлкүнүн күбөлүктөрү берилген.
"Менчиктештирүү талондору менен менчик ээси катары ишкана, мекемелер жеке колдорго өтүп кеткен. Ошондо ар бир ишкананын ээлеринин жана элдин толук түшүнүгү жок болбогондуктан көпчүлүгү өздөрүнүн үлүштөрүн алып, акциялары менен күбөлүктөрүн алган эмес. Же болбосо менчикке болгон укуктарын каттоодон өткөрө алган эмес. Ошондуктан ошол кезде колхоз, совхоздун жерлери, мал-мүлкү таланып, социалдык объектилер дагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Андан кийин колдон-колго өтүп, көпчүлүгү сатылып кетти. Мисалы, маданият үйлөрү, бала бакчалар, автобекеттер жана башка социалдык маанидеги объектилердин көпчүлүгү мыйзамсыз түрдө каттоодон өтүп, колдон-колго сатылып кеткен. Мына ошол эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында жана андан кийин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктөр азыр мамлекетке кайтарылууда. Бирок, мында ар бир иш кылдат текшерилиши керек, менчик ээси болуп турган кожоюн мүлктү кандай сатып алган, кимдер каттоодон өткөрүп беришти, мына ошол маселе болуп жатат. Кээ бир жарандарыбыз накта өзүнүн акчасына сатып алган, биз аларды күнөөлөй албайбыз. Баардыгы сот аркылуу адилеттүү, тыкыр иликтенип чечиле турган иш. Буга укуктук туура баа берилип чечилиши керек”, - дейт экономист.
Мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди, жер тилкесин аныктоо жана аны мамлекетке кайтаруу иш-аракеттери бир канча ирет өзгөртүү, толуктоолор киргизилген КР мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамы (2002-жылдын 2-марты №31) менен жөнгө салынат. Аталган мыйзамдын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмүн жокко чыгаруу боюнча 37-беренесинде белгиленгендей, эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү КР мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарын бузуу менен ишке ашырылса, КР министрлер кабинети, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган, мүлктүн сатып алуучулары, КР прокуратурасынын органдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн бузуу, жоопкерчилик чараларын көрүү, көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жокко чыгаруу, жараксыз бүтүмдү жокко чыгаруунун кесепеттерин жоюу, КРнын менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарынын бузулушун четтетүү жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу сот тартибинде доо коюуга (иш козгоого) укуктуу деп жазылган.
"Мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ишкерлердин көз карашын айта кетсем, бардыгы тең мыйзамдын негизинде болуусу шарт. Эгерде чындап эле менчиктештирүүдө мыйзамсыз чечимдер кабыл алынса, мыйзамдуу түрдө жокко чыгарылып, ошого жараша чечимдер кабыл алынышы керек. Ал эми менчиктештирүүнүн себептери боюнча айтсам, буга ар кайсы жылы ар кандай себептер болгон. Тийиштүү мамлекеттик программалар болгон, башка чечимдер кабыл алынган, ошондуктан мамлекетке кайтарууда ар бир объект, ар бир мисал боюнча өзгөчө мамиле болуп, мыйзам чегинде каралышы керек”, - дейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.
УКМКнын маалыматы боюнча, Жалал-Абад жана Сузак районунун аймагындагы мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттин балансына жалпы наркы 4 млрд 170 млн 432 миң 633 сомду түзгөн 22 га жер кайтарылган. Учурда аталган жер тилкелерине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кыргызстандын бардык жарандары, жергиликтүү тургундар үчүн жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу программасы боюнча 9 турак жай комплекси курулууда. Бул курулуп жаткан турак жай комплексинде жалпы аянты 424 478 чарчы метрди түзгөн 6 миң 610 батир бар.
"Учурда Жалал-Абад шаарында жана облустун аймагында 9 жерде ипотекалык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Жердин аянтына карап бир локацияда үчтөн, жетиден, бештен же ондон үйлөр курулууда. Үйлөр 9 кабаттан болуп, Жалал-Абад шаарынын жана облустун аймагында ипотекага кезекке турган жарандарга берилет. Андан тышкары, башка аймактын тургундары да үлүштүк курулуш механизми менен батир алса болот”, - дейт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбоева.
Мындан тышкары, Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу "Ак-Кула" ат майданы мыйзамсыз менчиктештирилди деген негизде 2017-жылы мамлекетке кайтарылган болсо, бүгүнкү күндө ондогон жер тилкелери, имараттар, социалдык объектилер мамлекетке өтүүдө. Мында эгемендик жылдарынын ар кайсы мезгилдеринде мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен жеке тараптардын колуна өтүп кеткен мамлекеттин мүлкү кайтарылууда. УКМКнын мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча акыркы жылдардагы иштеринин натыйжасында өлкө казынасына миллиарддаган киреше түшүп, бир катар социалдык объектер муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүдө.
Пикир
Оставить комментарий