Нью-Йоркто АКШ боюнча алгачкылардан болуп кошулмалары бар электрондук тамекиге тыюу салынды

Дүйнө 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Нью-Йорк штатында АКШ боюнча алгачкылардан болуп ар кандай кошулмасы бар электрондук тамекиге тыюу салынды. Бул тууралуу аталган штаттын расмий сайты жарыялады.

Буга чейин, Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо белгилегендей, жергиликтүү бийлик кошулмалары бар электрондук тамекиге тыюу салууну пландап жаткан.

Анын айтымында, электрондук тамекиге тыюу салуу коомдук саламаттык сактоо боюнча кеңеши тарабынан жактырылгандан кийин күчүнө кирген.

"Бүгүн губернатор Эндрю Куомо өлкө боюнча Нью-Йорк штаты алгачкылардан болуп кошулмалары жана никотин суюктугу бар электрондук тамекиге тыюу салынганын айтып чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий