• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Нью-Йоркто микробго каршы туруктуулук боюнча жогорку деңгээлдеги жыйын өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жумалыгынын алкагында микробго каршы туруктуулук маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги жыйын өттү. Нью-Йоркто уюштурулган иш-чарага Кыргызстандан саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ренат Мавланбай уулу катышты.

Саламаттык сактоо министрлигининен билдиришкендей, Ренат Мавланбай уулу өз сөзүндө микробго каршы туруктуулук глобалдык саламаттык сактоо үчүн олуттуу коркунучтардын бири экенин баса белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнөдө 700 миңдей адам антибиотиктерге туруктуу микроорганизмдер пайда кылган инфекциялардан көз жумат. Буга чара көрүлбөсө, көрсөткүч 2050-жылга карата жылына 10 миллион өлүмгө жетиши мүмкүн.

Ренат Мавланбай уулу белгилегендей, 2018-жылы Кыргызстанда 2030-жылга чейин саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга жетишүү боюнча Глобалдык келишимге кошулуп, саламаттыкты сактоо жаатында эл аралык кызматташууга жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарын колдоого умтулуусун көрсөткөн.

Ал ошондой эле Кыргызстанда микробго каршы туруктуулуктун таралышын жана анын адамдын ден соолугуна жана экономикага тийгизген таасирин баалоо боюнча дүйнөдө биринчи жолу улуттук изилдөө жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул изилдөөнүн натыйжалары башка өлкөлөр үчүн маанилүү ресурс болот жана бул көйгөй менен күрөшүү боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алууга жардам берет деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий