• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нью-Йорктун мэрине кыргыз чапаны Садыр Жапаровдун атынан белекке берилген — дизайнер

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Дизайнер Жумагүл Сариева Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс кийип чыккан кыргыз чапаны тууралуу айтып берди.

Ата мекендик Chapansar брендинин негиздөөчүсү билдиргендей, Эрик Адамска чапан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан белекке берилген.

"Чынында эле Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамстын президентибиз Садыр Жапаровдун атынан белекке берилген, биздин чапаныбызды кийип чыкканына таң калып, кубандык. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана бренддерди колдоп, ишеним артып, тандоо үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министолигине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Өлкөлөр ортосунда тынчтыкты жана бекем достукту каалайбыз", - деп Сариева интернет желесинде билдирүү калтырып, колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген.

Сүрөттөр Жумагүл Сариеванын Instagram баракчасынан алынды

Пикир

Оставить комментарий