• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Өнөр жай, энергетика комитети Кыргызстан – Кытай газ түтүгүн куруу боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек. 30.4.19 /Кабар/. Жакынкы арада Кыргызстан аркылуу (Чоң-Алай жана Алай району) өтө турган Туркменистан – Китай газ түтүгүн куруу иштери башталат. Кыргыз өкмөтү бул долбоор үчүн жер бөлүү процессин аяктаган.

Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев газ түтүгүн куруу боюнча маалымат берди.

"Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн куруу жана эксплуатациялоо боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргызстандын мыйзамына жараша ратификацияланган.

Долбоордун алкагында Өзбекистан, Тажикстан жана Кыргызстандын аймактарынан Кытайга түркмөн газын транспортто үчүн Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймактарында Борбордук Азия – Кытай магистралдык газ түтүгүнүн төртүнчү жибин куруу каралган.

Кыргызстандын аймагы боюнча газ түтүгүнүн узундугу 215 км түзөт, газ өткөргүч жөндөмдүүлүгү жылына – 30 млрд. куб.м барабар.

Башында газ түтүгүн куруу 2016-жылы пландалган. Бирок, газ түтүгүнүн (Түркмөнстан) булагында жаратылыш газ кенинде жагдайлар өзгөрүлгөнүнө ошондой эле, башка транзиттик өлкөлөрдө болуп жаткан жумуштардын мөөнөттөрү кечиккенине байланыштуу, кытай тарабы газ түтүгүнүн линиялык бөлүгүн курууну баштоо мөөнөтүн 2019-жылга жылдырган.

Газ түтүгүн курууну жалпы наркы 1,2 млрд долларды түзөт.

Долбоордо мамлекеттин бюджетине жыл сайын салык төлөө каралганын белгилөө керек. Бардык мөөнөт (эксплуатациялоо мөөнөт – 30 жыл) үчүн болжол менен 2,15 млрд доллар түзөт.

Андан тышкары, 2019-жылы апрель айында болгон кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен "SINO-Pipeline International Compani Limited" башкы директору Мэн Фанчуйдун жолугушуусунда жергиликтүү рыноктон товарларды, материалдарды жана жабдууларды, курулушка керектүүлөрдү сатып алуу жөнүндө келишим түзүлгөн.

Долбоорду ишке ашырууда жумушчулардын көп бөлүгүн жергиликтүү адистер түзөт.

Ошону менен бирге, республиканын түштүк региондорун газификациялоо үчүн газ түтүгүнөн жаратылыш газын алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Ушул маселени чечүү үчүн долбоордун катышуучу-өлкөлөрү менен кошумча сүйлөшүү жүргүзүү зарыл.

Ошондой эле, Алай жана Чоң-Алай райондорунун 2018-жылы сентябрь айында Кытайга университеттерине газ тармактары боюнча окууга жиберилген 30 мектеп бүтүрүүчүлөрү ал жактагы окууну аяктагандан кийин Кыргызстанга келип, ушул долбоордун алкагында иштеп баштайт.

Казакстан жана Тажикстандын аймагынан өтүүчү газ түтүгүнүн бутагы биргелешкен ишканасын түзүү жолу менен курулууда жана эксплуатацияланууда. Анткени тажик жана казак тарабынан кошо каржылоо бар.

Кыргызстандын аймагынан өтүүчү газ түтүгүн куруу кытай тарабынын эсебинен каржыланат. Бул жогоруда көрсөтүлгөн КР мыйзамы менен 2013-жылы ратификацияланган макулдашууда белгиленген. Ушуга байланыштуу Казактан жана Тажикстан республикаларынын тажрыйбалары сыяктуу биргелешкен ишканасын түзүү мүмкүнчүлүгү жок.

Пикир

Оставить комментарий