Нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл районунда катуу сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Бүгүн нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 12:00дөр чамасында кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган.

Жерине тиешелүү техникалар тартылып, учурда селдин кесепеттерин жоюу иши башталды.

Белгилей кетсек, ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий