Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга, “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекске, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамга, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун концепциясы менен демилгечилердин бири, депутат Мирлан Бакиров тааныштырды. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дыйкандардын катышуусунда коомдук талкуулар өткөрүлгөн. Мыйзам долбоорунун концепциясында асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүүгө көп жылга пайдаланууга берүү максаты коюлган. Тагыраак айтканда, бонитети төмөн жайыттарды көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды тигүү үчүн трансформациялоого багытталган. Муну менен айыл чарба жерлерин кыйла интенсивдүү пайдаланууга жетишилет. Асылдуулугу төмөн жайыттарда топурактын эрозиялык процесстери токтойт. Багбанчылык өнүгөт. Калк өз алдынча жумуш орундарын түзүп, кирешелери өсөт. Республиканын экспорттук дарамети жогорулап, экономикага да чоң салым кошот, экологиянын жакшырышына өбөлгө болот. Кайра иштетүүчү ишканаларга чийкизат базасы түзүлөт. Салыктык кирешелер көбөйөт. Себеби, мурда жайыт үчүн бир гектарга 12 сомдон белгиленген болсо, бул жерлерге мөмө-жемиш бактары тигилет. Бакчалар үчүн салык 25 сомдон болуп, салыктык кирешелер артат.
Бирок, тилекке каршы КР Өкмөтүнөн Башмыйзамга шилтеме жасалып (Жайыттар жеке менчикке берилбестигине), мыйзам долбооруна терс корутунду келген.
Талкууда комитет мүчөлөрү асылдуулугу начар жайыттарга мөмө-жемиш бактарын тигүү бүгүнкү күндө бир топ ретабелдүү болорун белгилеп, мыйзам долбоорунун зарылдыгын, анда эч кандай менчикке берүү жөнүндө сөз жок экенин билдиришти. Жыйынга чакырылган айрым аткаруу бийлигинин өкүлдөрү дагы мыйзам долбоорун колдоого алышты. Алардын айтымында, мыйзам долбоорунун концепциясы туура, болгону Конституцияга ылайык келиши үчүн “колдонууга берилет” деп гана калтыруу зарыл.
Жыйынтыгында КР Өкмөтүнүн өкүлдөр демилгечилер менен айрым шайкеш келбеген жагдайлар боюнча келишип, орток вариант табылышы керек деген бүтүм чыгарылды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - М. Бакиров, А. Жээнбеков, М. Айнакулов, А. Акматов, А. Жапаров, Р. Туманбаева, К. Бокоев, Э. Токтошев.
Пикир
Оставить комментарий