"Наполи" клубу "Ювентусту" жеңип, Италиянын кубогун алтынчы ирет утту

Спорт 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Футбол боюнча Италиянын кубогунун финалында "Ювентус" менен "Наполи" командалары оюн өткөрдү. Оюн "Стадио Олимпико" стадионунда өттү.

Беттештин негизги убактысында эсеп 0:0 боюнча аяктады. Регламентке ылайык, футболчуларга кошумча убакыт берилбей, 11 метр аралыктан пенальти дайындалды. Анда "Наполи" командасы күчтүүлүгүн көрсөтүп, 4:2 эсебинде атаандашын жеңип алды.

"Ювентус" 13 ирет кубоктун жеңүүчүсү болсо, "Наполи" командасында 6 кубок бар.

Пикир

Оставить комментарий