• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Народный” дүкөндөрүндө салмагы кем азык-түлүктөр аныкталды

Коом 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. “Народный” соода түйүндөрүндөгү айрым азык-түлүктөрдүн салмагы, товарда көрсөтүлгөн салмакка дал келген эмес. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда аныкталган.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарындагы баардык ири соода түйүндөрүндөгү текшерүүлөрдүн натыйжасында, “Народный” соода жайларынын азык түлүктөрү товарда көрсөтүлгөн салмактан 20 граммдан 250 граммга чейин кем экени аныкталган.

Мындай көрүнүш шаар боюнча он бир Народный дүкөндөрүндө аныкталган. Тактап айтканда, жер-жемиштердин, балык, ун, эт, козу карын жана ушул сыяктуу азыктардын салмагы кем чыккан.

Буга байланыштуу, “Народный” соода түйүндөрүнүн жетекчилигине катуу эскертмелер берилди. Эгерде тийиштүү мөөнөттө талаптар аткарылбаса, аталган соода жайына катуу чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий