• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын – Баетов унаа жолу асфальтталууда

Аймак 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Учурда Нарын – Баетов унаа жолунун 84-120-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жолдун сапатына басым жасоо менен жумуш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын берди.

Быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен аталган унаа жолдун жалпы 20 чакырымына асфальт төшөө каралган.

Ошондой эле министрдин милдетин аткаруучу Нарын – Баетов жана Кочкор – Коммунизм унаа жолдорундагы көпүрөлөрдүн, Нарын шаарындагы Орозбак, Ленин жана Кочкор районундагы Бердалиев көчөлөрүнүн курулушунан да кабар алды.

Мындан сырткары, аба майдандын учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо иштерин карап чыгып, асфальт төшөө жумуштарын тез арада бүткөрүү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий