• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Нарын дарыясына секирип кеткен кызды издөө иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Нарын дарыясына секирип кеткен 17 жаштагы кызды издөө иштери башталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн издөөгө 10 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер, жалпы 30 адам чыкты. Ага кошумча 5 дүрбү, 2 автоунаа тартылды.

Издөө иштерин биринчи топ Нарындагы Актал-Чат көпүрөсүнөн баштап, Тоголок-Молдону көздөй суу жээги менен жүргүзөт. Экинчи топ Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан Жан-Булак айылын көздөй улантат.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат 2-ноябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө улантылып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий