• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нарын дарыясына секирип кеткен кызды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бүгүн көпүрөдөн Нарын дарыясына секирип кеткен кызды издөөгө 27 адам издөөгө чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен ӨКМден 16 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам, жалпы 27 адам издөө ишин жүргүзөт.

Куткаруучулар Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан баштап Жаң-Булак айылын көздөй жана Актал-Чат көпүрөсүнөн Тоголок-Молдо тилкесине чейин издөө иштерин жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 2-ноябрында Нарын дарыясына көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу 17 жаштагы кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери изделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий