• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөөгө 11 куткаруучу тартылды

Коом 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Нарын шаарында көпүрөдөн дарыяга секирип кеткен өспүрүм кызды издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн издөө ишине 11 куткаруучу 2 дрон жана 4 дүрбү менен чыкты.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу 2-ноябрда маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий