Бишкек, 09.11.24. /Кабар/. Нарын дарыясынан 17 жаштагы кыз изделүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн кызды издөөгө 38 адам чыкты. 15 куткаруучу, 20 милиция кызматкери, Нарын шаарынын жергиликтүү тургундарынан 3 адам тартылды.
Белгилей кетсек, 2-ноябрь күнү Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги маалымдалган. Ошол убактан бери издөө иштери тынымсыз уланууда.
Пикир
Оставить комментарий