Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, Таш-Көмүр шаарынын Шопоков көчөсүнүн тушунда Нарын дарыясында белгисиз адамдын сөөгү калкып турат деген маалымат түшкөн.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жерине 5 куткаруучу тартылган.
"Куткаруучулар белгисиз аялдын сөөгүн Нарын дарыясынын жээгинен алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Маркумдун өздүгү тактала элек", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий