• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Нарын дарыясынын жээгине аллея салынды

Аймак 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Нарын дарыясынын жээгине салынган аллеянын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Нарын шаарынын мэриясынан билдиришкендей, жээктеги аллеянын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, ишкерлер, жергиликтүү тургундар жана куруучулар катышты.

Маалымат боюнча, аллея жергиликтүү бюджеттин эсебинен 17 млн 200 миң сомго салынып, аянты 1860 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, Нарын дарыясынын жээгине жалпы 875 метр узундуктагы тротуар салынып, суу жээги тосулуп, жарыктандырылды.

Ачылыш аземде Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынган чоң долбоор экендигин белгилеп, долбоорду ишке ашырууда катышкандарга атайын сыйлыктарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий