• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

"Нарын эт комбинатынын" жерлери мамлекетке кайтарылды – ал жерге 2 завод курулат

Аймак 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Мурдагы "Нарын эт комбинаты" ишканасынын 114 млн сомдон ашык 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК мурда жеке менчикке өтүп, өлкө мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен сатылып кеткен мамлекеттик кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Алсак, УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында мурдагы мамлекеттик "Нарын эт комбинаты" акционердик коомунун жалпы аянты 4 га жер тилкеси жана анын аймагында жайгашкан имараттары Нарын шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды, алардын болжолдуу баасы 114 млн 500 миң сомду түзөт.

1999 жана 2000-жылдары "Нарын эт комбинаты" мамлекеттик акционердик коомунун кыймылсыз объекттери Б.И.Б жараны тарабынан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен төмөндөтүлгөн баалар боюнча жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталган. 2002-жылы Нарын шаардык башкармалыгы тарабынан Б.И.Б.ге Нарын эт комбинатынын жер участогуна ээлик кылуу укугу бекитилген.

Азыркы учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймакта эки өнөр жай ишканасын (завод) куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда, алар Нарын шаарынын жана ага жакын жайгашкан калктуу пункттардын жашоочулары үчүн жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүп, бул региондун бюджетине финансылык каражаттардын түшүүсүнүн өсүшүнө да оң таасирин тийгизүүсү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий