• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын: Ишембиликке 64 миңден ашун адам катышууда

Аймак 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Нарын облусунун калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча облус бийлиги тарабынан март айынан баштап 3 айлык жарыяланган.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, иш жыйынтыктуу болуш үчүн ар жума сайын Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, орун басарлары баштаган аппарат кызматкерлери Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунда аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунуш, көрсөтмөлөрүн берип келишет.

2018-жылдын 18-19-мартында Ат-Башы районуна жумушчу топту жетектеп барган А.Кайыпов айыл ичин кыдырып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалоо иштерин калкты тазалыкка үндөө жана уюштуруу демилгесин колго алуу боюнча район жетекчилигине тапшырма берди.

Бүгүнкү күндө облус боюнча ишембиликтерге 2709 мекеме, уюмдар, 64 миңден ашуун адам катышууда. Анын негизинде парктар, скверлер бакчалар жасалып, имараттардын фасаддары оңдолууда. Айылдарда штакетниктер орнотулуп, көчөлөрдө түнкү жарыктандыруулар, таштандылар чыгарылып, арыктар тазаланды. 120 миңге чукул бак-дарактардын көчөттөрү, ийне жалбырактуулар отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий