• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын менен Ысык-Көлдүн тургундары светтин лимитин 2000 кВт саатка чейин көтөрүүнү талап кылышты

Коом 0

Бишкек. 28.03.19 /Кабар/. Нарын менен Ысык-Көл облустарынын бийик тоолуу, кышы катаал аймактарында жашагандар электр энергиянын лимитин 2000 кВт саатка чейин көтөрүүнү талап кылышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Нарын шаарына келген депутат Аида Исмаилова жана Евгения Строкова менен жолугушканда билдиришти.

Депутаттар электр энергиясынын тарифи боюнча «тегерек столго» катышты. Эксперттердин пикирине караганда, 2014-жылы өкмөттүн токтому менен Казакстандан электр энергиясын импорттоп жаткан учурда 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн тариф мыйзамсыз.

Анткени, Казакстандан электр энергиясын импорттоонун мөөнөтү бүткөн. Ал эми тарифтин мөөнөтүн узартуу боюнча жаңы токтом жок.

Нарындан, Ысык-Көлдөн келген активисттер бийик тоолуу, кышы катаал региондорго 77 тыйындан бериле турган 700 кВт саатты кышкысын 2000 кВт саатка чейин көтөрүүнү талап кылышты.

Депутаттар тегерек столдун катышуучуларынын айткандарын угуп, аталган маселе боюнча дагы иликтөөлөрдү жүргүзүп, өкмөткө тиешелүү сунуштарды бере турган болушту.

Эске салсак, учурда жарандар 1 кВт саатына 77 тыйын, 700 кВт сааттан, тоолуу аймактарда 1000 кВт сааттан ашкандар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.

Пикир

Оставить комментарий