Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-августта Нарын облустук ички иштер министрлигинин өздүк курамы арасында Эгемендүүлүк күнүнө карата саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада ИИМдин жана Нарын ОИИБдин буйруктары окулуп, Нарын шаарынын аймагында майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун, жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана 1-сентябрь жаңы окуу жылына карата тапшырмалар берилип, милдеттемелер коюлду.
Белгилей кетсек, Нарында майрам күндөрү 350дөн ашык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Пикир
Оставить комментарий