Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын спартакиадасы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.05.21. /Кабар/. Кечээ, 29-майда Нарын шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" стадионунда Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган Нарын ОИИБнин спартакиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаарынын мэри Н. Молдокадыров, Нарын ОИИБнин начальниги Н. Жумабеков, ардагерлер жана бир катар мекеме жетекчилери катышты.

Ал эми мелдеш башкармалыктын борбордук аппараты, милициянын кайгуул күзөт кызматы, жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы жана шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган командалардын катышуусунда болуп өттү.

Иш-чара спорттук оюндун беш түрү (футбол, гира көтөрүү, кыздар-балдар арасында таяк тартыш, аркан тартыш, 400 метр аралыкка чуркоо) боюнча жалпы 9 команда ат салышып, мелдеш кызуу жүрдү.

Жыйынтыгында ар бир оюндун түрү боюнча жеңүүчү командалар аныкталып, мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге номинациялар, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана Нарын ОИИБнин кубогу тапшырылды.

Ошондой эле өткөрүлгөн иш-чарага көмөк көрсөткөн инсандарга Нарын ОИИБнин ыраазычылык каттары ыйгарылды. Мындан тышкары, чакырылган коноктор жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге акчалай сыйлык, баалуу белектерин тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий