• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын облустук сотунда жетекчилер шайланды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 22-октябрь 2004-жылдагы №9 ”Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун регламенти” жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 29-декабрь 2012-жылдагы №12 Пленумунун токтомунун негизинде Нарын облустук сотунун төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча Нарын облустук сотунун судьяларынын жалпы чогулушунун жыйынтыгы менен Нарын облустук сотунун төрагасы кызматына Абдыбеков Алдаярбек шайланды. Бул тууралуу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Нарын облустук сотунун төрагасынын жазык иштери боюнча соттук коллегиясынын орун басары болуп сот Алмаз Орозалиев, жарандык иштер боюнча облустук соттун төрагасынын орун басары болуп сот Турат Ташмамбетов жана Нарын облустук сотунун төрагасынын экономикалык иштер боюнча орун басары болуп сот Майрагүл Дүйшөнбекова шайланышты.

Маалымдама: Абдыбеков Алдаярбек 1960-жылы 4-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жогорку билимдүү юрист. 2-квалификациялык класстагы судья.

А. Абдыбеков жогорку юридикалык билим алганга чейин 1982-жылы Ташкенттеги юридикалык техникумду бүтүрүп келип, Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгында юрисконсульт кызматында эмгек жолун баштаган. Мамлекеттик нотариалдык конторада нотариус, Ысык-Көл жана Нарын облустук адвокаттар коллегиясынын мүчөсү катары адвокаттык кызматтарда эмгектенген. 2002-2007-жылдары Нарын облустук адвокаттар коллегиясынын төрагасы болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-апрелиндеги Жарлыгы менен Нарын облустук сотунун судьялыгына дайындалган.

2013-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен судья болуп, экинчи мөөнөткө дайындалып, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп, жазык иштери боюнча соттук коллегиясын жетектеп иштеген.

2015-жылдын июнь айынан бери Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөн. 2016-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги 10-курултайында Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин тартип комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.

А. Абдыбеков Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтеринин жана ведомстволорунун Ардак грамоталары менен сыйланган. 2013-жылдан бери “Нарын облусунун ардактуу атуулу” наамынын ээси.

Жалпы юридикалык иш стажы 35 жыл.

Пикир

Оставить комментарий