• 87
  • 90.63
  • 0.79

Нарын облусунда ачылган убактылуу стационарлар жана даярдалган орундардын саны. Тизме

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов бүгүн облустагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан коопсуздук чаралары боюнча брифингдин жүрүшүндө маалымат берди.

Өкүлдүн маалыматына караганда, учурдагы кырдаалды эске алуу менен облуста кошумча стационарларды ачуу боюнча бир топ жумуштар аткарылды.

"Убактылуу кошумча стационарларды ачуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилген. Нарын облусундагы ооруканаларда жугуштуу оорулар үчүн жалпы 477 койка-орун бар. Анын ичинен коронавирус үчүн 132, пневмония үчүн 315 орун даярдалган. Азыркы тапта 29 адам коронавирустан, пневмониядан 285 адам дарыланууда. Учурда ооруканаларда 166 орун бош", - деди өкүл.

Алымкуловдун билдирүүсүндө, өлкөдөгү эпикырдаалда эске алуу жана оорунун кесепетинин алдын алуу максатында кошумча госпиталь, күндүзгү стационарлар даярдалган.

"Облус боюнча 141 имаратта күндүзгү стационар ачылган. Мында жалпы 1200 орун даярдалды. Аталган жайлар ачылгандан бери 16 миң 416 бейтапты кабыл алды. Андан тышкары, ар бир аймактагы ооруканаларда кошумча орундуктар даярдалды", - деди ал.

Алсак;

- Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында жайгашкан аймактык оорукананын филиалында - 20 орун;

- Казыбек айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда - 20 орун;

- Ат-Башы айылындагы Шералиев мектебинде - 25 орун;

- Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов мектебинде - 50 орун;

- Жумгал районунун ҮДБнын администрациялык борборунда - 20 орун;

- Кочкор районундагы № 15 кесиптик лицейдин имаратында - 30 орун;

- Нарын шаарындагы "Ассалам" кайрымдуулук фонду тарабынан салынган "Билим булагы" мектинбе - 150 орун даярдалган.

Өкүл кошумчалагандай, учурда облуста түнкү стационарларды ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. "Нарын шаарында эки жерде түнкү стационар үчүн 19 орун даярдалды. Нарын районундагы Керимбаев атындагы мектептин имаратында 52 орунду күндүзгү жана түнкү стационар ачылган", - деп кошумчалады Нарын облусунун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий