Нарын облусунда белгилүү композитор Калыйбек Тагаевди эскерүү жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Нарын облусунда белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Калыйбек Тагаевди эскерүү жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин буйругуна ылайык, 2021-жылдын 20-26-май күндөрү Нарын облусундагы министрликтин аймактык бөлүмдөрү, театр оюн- зоок мекемелери, балдардын музыкалык жана искусство мектептери белгилүү композитор Калыйбек Тагаевди эскерүү жумалыгын өткөрүшөт.

Ал эми 26- май күнү саат 18:00дө жумалыктын жыйынтыктоочу бөлүгү М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрында белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий