• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Нарында фермерлер жана дыйкандарга 2% үстөк менен жеңилдетилген насыя берилет

Аймак 0

Бишкек, 07.12.24. /Кабар/. Нарында облусунда фермерлер менен дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилет.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунун колдоосунда фермер, дыйкандар үчүн 2% үстөк менен 10 жылдык мөөнөткө насыя алуу менен ишкерлик кылууга жана ишкерлигин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Белгиленгендей, облус жетекчилиги тарабынан ар бир районундун тургундары менен жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Аталган фонддун талаптарына ылайык балык, эт, сүт, карагат, бал, чычырканак, сафлор жана тоют багыттарына артыкчылык берилет.

Облус башчысынын орун басары Адыл Сапаров Нарын жана Ат-Башы райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп, агробизнести жакшыртууга жана кирешени арттырууга мүмкүнчүлүк берген жаңы кредиттик программаны сунуштап, суроолорго жооп берди.

"Жолугушуунун катышуучулары аталган программаны облустун айыл чарбасына көрсөткөн чоң колдоо деп атап, бул жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын жана бизнесин кеңейтип, продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий