Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын имаратында Фермерлерди тейлөө борбору ачылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, борбордун ишмердүүлүгү аймактагы фермерлерге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.
Борбордун негизги максаты жергиликтүү фермерлерге бардык керектүү кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Мында фермерлер агрардык кеңеш алуу, айыл чарба техникаларын ижарага алуу, үрөн жана жер семирткичтер тууралуу маалымат, өндүргөн продукцияны каякка сатуу, асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндө маалымат ала алышат.
Белгилей кетсек, буга чейин Фермерлерди тейлөө борбору Бишкек, Каракол шаарлары, Сузак, Кара-Суу жана Айтматов райондорунда ачылган.
Пикир
Оставить комментарий