• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусунда муктаж болгон 24 миң 567 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда муктаж болгон 24 миң 567 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу облус башчысы Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, облус боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 20 миң 262ни түзөт, ал эми күнүмдүк иштеп таап, оокат кылган үй-бүлөлөрдүн саны 9 миң 555ти түзөт.

"Жалпы 29 миң 817 үй-бүлө тизмеде турат, анын ичинен 24 миң 567 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Учурда 5 миң үй-бүлө менен иштеп жатабыз", - дейт ал.

Облус жетекчиси кошумчалагандай, мамлекет тарабынан, башкача айтканда, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 5 миң 961 үй-бүлөгө ун бөлүнүп берилген, 1 миң 250 үй-бүлөгө министрлик тарабынан ун таратылган.

"Өкмөт тарабынан 200 млн сом бөлүнгөн. Ат-Башы районундагы, Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы, Нарын шаарындагы жалпы 4 миң 586 үй-бүлөгө атайын азык-түлүк түрүндө көмөк көрсөтүлдү", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий