• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Нарын облусунда муктаждарга 490 азык-түлүк баштыгы таратылды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Күн мурун "Ыйман" фонду Нарын облусунда 490 азык-түлүк баштыгын таратып, муктаж тургундарга жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрымдуулук иш-чарасы Сауд Аравиясынын Падыша Салман гуманитардык фонду менен биргеликте өлкөнүн эң муктаж катмарына көмөк көрсөтүү жана алардын турмуш-шартын жакшыртуу максатында уюштурулду.

Азык-түлүк баштыктары муктаж үй-бүлөлөргө, карыларга жана жардамга муктаж башка катмардагы тургундарга тапшырылды. Ар бир азык-түлүк баштыгы 48 кг салмактагы негизги тамак-аштан турат, ал ун, өсүмдүк майы, макарон, күрүч, гречка, шекер жана томат пастасын камтыды.

Пикир

Оставить комментарий