• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Нарын облусунда жалпы 19 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында жалпы 19 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде жумуштар кызуу жүрүүдө:

  • Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Куртка – Соң-Көл унаа жолунун 2 чакырымына асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
  • Баетов – Макмал жолунун 8,5-9-чакырымдар аралыгында жолду тегиздөө иштери аткарылды.
  • Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 3-чакырымына суу өтүүчү түтүкчө орнотулуп, 3-5-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө үчүн жер иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин Ак-Тал – Чат – Жогорку-Май унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлгөн.
  • Чар – Ак-Муз унаа жолунун 1-3-чакырымдар аралыгына асфальт төшөлүүдө.

Ошондой эле Кочкор районунда Чу дарыясы аркылуу өткөн Кочкор – Коммунизм көпүрөсүнүн курулуш иштери башталды. Көпүрө иштери менен катар райондук оорукананын аймагына да асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий