Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Нарын облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 29-декабрда болжол менен саат 15:13тө Нарын облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Ак-Талаа районунун Үгүт, Жаңы-Тилек, Байгенчек айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий