• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Нарын облусунда жол оңдоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Нарын облусунда жол оңдоо иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жумгал районундагы Байтик айылындагы М. Рыскулов көчөсүндө асфальт төшөө жумуштары жүрүүдө. Учурда №24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 чакырым асфальтталды. План боюнча 1,6 чакырым асфальт каралган.

Ошондой эле Нарын районундагы Нарын-Оруктам автожолунун 20-23 чакырым аралыгында асфальт төшөөгө жер даярдалып, суу түтүктөрү орнотулуп, чакан көпүрөлөр салынды. Жер иштери толугу менен бүткөн соң, 2 чакырымга асфальт төшөлөт.

Мындан тышкары, Кайырма-Көлмө жолунун 3,6 чакырымынада аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүп жатат. Ал эми Кызыл Октябрь-Сары Камыш жолунда жол бетин тегиздеп, жол кеңейтүү иштери аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий