Нарын облусунда ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүгө ноутбук, мектепке унаа белек кылынды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Нарын облусундагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упайды алган бүтүрүүчүсүнө ноутбук, ал эми мектепке унаа белекке берилди. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков тарабынан Ак-Талаа району боюнча 1-орунду камсыз кылган Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылынын Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебине автоунаа, 11-класстын бүтүрүүчүсү Айым Рысбек кызына ноутбук, ал эми окуткан мугалимдерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле Ак-Талаа районунун акими Ж.Жапаров бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, резервдик фонддон акчалай сыйлык жана ыраазычылык каттарды ыйгарды.

Эске салсак, төрт жылдан бери жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган мектепке автоунаа, ал эми окуучуга ноутбук тапшырылып келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий