• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусунун 135 айылынын 83чү таза суу менен камсыз болгон

Аймак 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 11-июлунда, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев менен жолугушту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Акыйкатчынын Нарын облусуна болгон иш сапары жана облус тургундарынан, мекеме-ишканалардан келип түшкөн кайрылуулары, облус калкынын таза суу менен камсыз болушу, зордук-зомбулукту алдын алуу иштери боюнча маалыматтар айтылып, билим берүү тармагындагы маселелер, балдардын кризистик борборлорунун иши тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

К.Оторбаев иш сапарынын алкагында Ат-Башы, Кочкор, Нарын райондорунда болуп бир катар маселелер менен жеринде таанышканын айтты. Мындан сырткары, Ат-Башы районундагы «Ак-Байрак» жана Нарын шаарындагы «Аруу тилек» кризистик борборлорунун иш алып барып жатканына ыраазычылык билдирип, алардын долбоорлорунун мөөнөтү бүтүп жатканына байланыштуу мамлекеттин карамагына өткөрүүгө аракет кылуу зарыл экенин билдирди.

А.Кайыпов сөз кезегинде Нарын облусунун 135 айылынын 83чү таза суу менен камсыз болгонун жана 28 айылындагы суу түтүктөрү ремонт иштерине муктаж экенин жана таза суу менен камсыздоо багытында долбоорлор жазылып, каржы булактары изделип жатканын маалымдады. Ошондой эле, билим берүү тармагында жаңы мектептер пайдаланууга берилип жатканын белгилеп, облуста мектептин жалпы саны 141ге жеткенин билдирди. Ал эми авариялык абалдагы 22 мектептин курулушун учурда республикалык бюджетке киргизүү иштери жүрүп жатканын айтты. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мугалимдердин Коомдук кенеши түзүлгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий