• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын облусунун аймагында 12 санитардык-карантиндик пост коюлган. Тизме

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында 12 санитардык-карантиндик пост коюлган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, санитардык-карантиндик посттор Нарын шаарында - 3, Нарын районунда - 2, Ат-Башы районунда - 3, Ак-Талаа районунда - 1, Кочкор районунда - 1, Жумгал районунда - 2 жерге коюлган.

Посттордо күнү-түнү ички иштер органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга багытталган бирдиктүү иштерди алып барышууда.

Эске сала кетсек, 6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 216га жетти. Ошондой эле илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий