• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Нарын облусунда айыл өкмөт башчылары аттестациядан өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-январда Нарын облусундагы айыл өкмөттөрдүн башчылары аттестациядан өтүүдө.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аттестациянын жүрүшүндө облустагы 63 айыл өкмөтүнүн башчыларынын билим деңгээлине, ишти алып баруу жөндөмүнө, аракетине баа берилет.

Облус башчысы Алтынбек Эргешов аттестациянын башында айыл өкмөт башчылары менен баарлашып, аракети, билим, тажрыйбасы мол айыл жетекчилер текшерүүдөн жакшы өтөрүнө ишенерин билдирди.

Аттестациянын жыйынтыгы эртең, 24-январда чыгарылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Нарында өнүгүүнүн бир жылдык пилоттук долбоору иштей баштаган. Айыл өкмөт башчыларын аттестациядан өткөрүү аталган долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий