Нарын облусунун Жарандык коргонуу тутумунун иш-аракеттери бааланууда

Аймак 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бекиткен “Жарандык коргонуунун 2023-жылга даярдык планынын” негизинде Жарандык коргонуу тутумдарынын абалын баалоо жана текшерүү талаптарына ылайык Нарын облусунда атайын иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүндөн тарта башталган Жарандык коргонуу тутумдарынын жетекчилери алгач Нарын облустук администрациясына чогулуп, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кырдаалдар жаралып калса ар бир мекеменин аткара турган иш-аракеттери баалоонун, текшерүүнүн максатын түшүндүрдү. Ошондой эле тутумдардын жетекчилерине жана өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмаларды берди.

Берилген тапшырманын негизинде Нарын облусундагы Жарандык коргонуу тутумдары табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар катталган учурда аткара турган аракеттери иш-кагаздарында, документтерде уюштуруу дайындыгы текшерилүүдө.

Белгилей кетсек, ӨКМдин кызматкерлеринен турган комиссиянын баалоо иш-чарасы 12-14-июль күндөрү өткөрүлмөкчү. Комиссиянын курамында өрттүү өчүрүү жана алдын алуу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу, авариялык-куткаруу, радиациялык-химиялык коргоо жана башка кызматтардын, бөлүмдөрдүн өкүлдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий