• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Нарын облустук милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-декабрдан тартып Нарын облустук ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтында КР президентинин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Алмазбек Жумабеков жана анын орун басарлары, Нарын ОИИБнын өздүк курамы, “Шумкар” атайын полкунун Нарын облусундагы өзүнчө ротасы, ЖКККБнын, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Нарын шаардык күзөт бөлүмүнүн, элдик кошуундардын катышуусу менен саптык кароо өткөрүлдү.

Жаңы кирип келе жаткан 2022-жылды тосуу мезгилиндеги коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында өздүк курамдын даярдыгы каралып, ар бирине коюлган тапшырмалары аныкталып, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды.

Нарын ОИИБдин начальниги Алмазбек Жумабеков майрамдык иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук тартипти коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзам бузууга жол бербөө, милиция кызматкерлеринин милдети экендигин баса белгилеп өттү. Ошондой эле өзгөчө коомдук жайларда болгон кылмыштарга бөгөт коюу, жарандарга сылык мамиле кылуу, облус аймагында тартипти,мыйзамдуулукту сактап, берген антыңарга бекем туруп, эң башкысы ар бир берилген тапшырмаларды кынтыксыз аткарууга кызматкерлерди чакырып өттү.

Ошондой эле ИИМ тарабынан берилген буйруктарды мыйзам чегинде так аткарып, жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар учурунда кылмыштуулукка, укук бузууларга жол бербөө жана андай фактыларга жол берилсе ыкчам иш-аракеттерди мыйзам талаасында иштерди күчөтүлгөн тартипте алып баруу милдеттери коюлду.

Белгиленгендей, жаңы жылдык майрамдык иш-чараларга карата күндүзгү жана түнкү жөө кайгуулдар жана жылып жүрүүчү мобилдүү топтор уюштурулуп, Нарын облусу боюнча жалпы 500дөн ашык коомдук коопсуздукту сактоо үчүн өздүк курамдын жана элдик кошуундардын мүчөлөрү иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий