Нарын районунда заманбап шарттары менен глэмпинг ачылды

Аймак 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Коңур-Дөбө жайлоосунда "Теңир-Тоо" глэмпинг - заманбап эс алуу жайы ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, эс алуучу жай Чет-Нура айылынын тургуну, жеке ишкер Адилет Кадыракунов тарабынан ачылып, бүгүнкү күндө ички жана тышкы туристтерди кабыл алууда.

Ачылыш аземине президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров, Нарын районунун акими Н.Мадимаров жана айыл тургундары катышты .

Муну менен Нарын районунда туризимдин өнүгүшүнө жана келечекте туристтердин көп санда келишине шарт түзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий