Бишкек, 18-июль /Кабар/. Нарын шаарына Жаңы-Жол аймагы аркылуу кирүүчү унаа жолунда таш кулоо коркунучу сакталгандыктан улам жол белгисиз мөөнөткө жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, буга чейинки жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу таш кулоо кооптуулугу сакталып турат. Мындан улам Нарын райондук администрациясынын буйругу менен жолдогу каттам кечээ, 17-июлдан тарта убактылуу белгисиз мөөнөткө жабылган.
Эми каттам Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу менен жүргүзүлүп турары айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий