• 87
  • 89.77
  • 0.79

Нарын шаарында 120 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарында 120 орунга эсептелген "Керемет" бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматка караштуу бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Камчыбек Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу КР УКМКнын негизги милдеттеринин бири экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, ал УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады. Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.

Жаңы ачылган бала бакчага учурда 3 жаштан 6 жашка чейинки 80ден ашуун бала кабыл алынган.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын жалпы аянты 0,25 гектар, ал эми имаратынын аянты 700 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук бүткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий