• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Нарын шаарында 19-августтан тарта электробустар каттамга чыгат

Аймак 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Нарын шаарында 19-августтан тарта электробустар каттамга чыгат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-августта Нарын шаарында айдоочуларга унаалардын ачкычтары тапшырылды.

Белгиленгендей, электробустарды каттамга чыгаруу үчүн буга чейин тийиштүү аракеттер көрүлүп, токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулган.

Эскерте кетсек, Нарын шаарына 66 млн сомго, 7 жылга насыяга 5 электробус сатып алынган. Электробустар 37 орундуу, 10,5 метр узундукта.

Пикир

Оставить комментарий