Нарын шаарында Мамлекеттик туу күнү жана Ак калпак күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Нарын шаарында Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундарды Туу жана Ак калпак күнү менен Нарын облусунун башчысынын орун басары Элмира Садыкова, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев куттуктады.

Иш-чара жөө жүрүш, мамлекеттик туу жана ак калпак боюнча баяндар менен коштолуп, шаардык маданият бөлүмүнүн концерти менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий