Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Нарын шаарындагы эксперименттик тез тургузулган жаңы жугуштуу оорукананын курулуш иштери толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бүгүнкү күндө объект боюнча пайдубалдын траншеясын казуу иштери 75%га, шагыл менен тыгыздоо - 65% жана пайдубал куюу иштери 23%га аткарылган.
Белгилей кетсек, объектинин жалпы аянты 2 миң 19 чарчы метрди түзөт.
Бардыгы болуп ишке 50 жумушчу жана 7 атайын техника тартылган.
Пикир
Оставить комментарий