Нарын шаарынын күн батыш тарабына карагайдын көчөттөрү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынын күн батыш тарабына 64 көк карагайдын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул иштер жазгы жашылдандыруу иштеринин алкагында аткарылууда.

Көчөттөр жергиликтүү тургун Руслан Мамбетов тарабынан отургузулган. Шаар мэри Канболот Тутуев өз кезегинде көчөттөрдү тамчылатып сугаруучу жабдууларды алып берэрин убадалады.

Пикир

Оставить комментарий