• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын шаарынын тургуну бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды – УКМК

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо фактысы боюнча Нарын шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан 2024-жылдын 15-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти басып алууга чакырык жасоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын шаарынын У.М. аттуу тургуну кармалып, ал узак убакыт бою социалдык тармактарда чагымчыл жана деструктивдүү мүнөздөгү материалдарды (посттор, комментарийлер, шилтемелер ж.б.) жарыялаган.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына дайындалган соттук-лингвистикалык жана соттук-саясий экспертизалардын жыйынтыктарына ылайык, М.У тарабынан жарыяланган материалдарда массалык башаламандыктарга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктын белгилери бар экендиги аныкталган.

Аталган М.У. 2021-жылы Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринин активдүү мүчөсү болуп, аталган партиядан талапкерлигин койгон, бирок тиешелүү добуштарды ала алган эмес

Кармалган жаран Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий