• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Нарын: Туюк-Суудагы уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштери аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Жумгал районунун Туюк-Суу аймагындагы уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштери аяктап жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Жумгал районуна болгон жумушчу сапарында уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштеринен кабар алды.

Белгилей кетсек, Россиянын Росатом холдинги тарабынан атайын долбоордун негизинде Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Туюк-Суу аймагындагы уран калдыктарын коопсуз аймакка көчүрүү иштери жүргүзүлүп келген.

Облус жетекчиси менен баарлашуу учурунда аталган компаниянын өкүлдөрү иштер дээрлик аягына чыгып калганын, уран калдыктарын көчүрүүдө бардык коопсуздук эрежелери сакталганын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий