• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы отканалардын кышка даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы отканалардын кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жана Отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси А.Шакиржанов Нарын жана Ыссык-Көл облустарында иш сапарда болушту.

Иш сапарда Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилип жаткан отканалардын 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди. Учурда Нарын облусу 95 %, ал эми Ысык-Көл облусу 90% даяр экени маалым болду.

Тийиштүү жетекчилер алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу максатында, ар бир откананы оңдон-түзөөдөн өткөрүшкөн.

Министрдин орун басары Керимов жылуулук менен камсыздоо ишканаларына оңдөп-түзөө, даярдык иштерин толук аткаруу жана аткарылып жаткан иштердин сапатына көңүл буруу боюнча тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий