Нарында айыл чарба форуму өтүп, тармакты кластердик ыкма менен өнүктүрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Кечээ, 3-мартта Нарында КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан Айыл чарба форуму өткөрүлүп, Нарын облусунун айыл чарба тармагын кластердик ыкма менен өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форумга айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев, Финансы министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева жана Айыл чарба министрлигинин алдындагы департаменттердин, агенттиктердин жетекчилери, айыл чарбасы боюнча иш алып барган коомдук уюмдардын, фермердик чарбалардын, банктын өкүлдөрү, облус жетекчилиги, бардык райондордун акимдери, айыл чарба тармагынын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, дыйкан-фермерлер катышты.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев форумдун алдында абдан олуттуу милдеттер турганын белгиледи. Азыркы учурда айыл чарбасын жакшыртууга мамлекет тарабынан жакшы колдоолор болуп жатканын, быйыл облустун ирригация системасын жакшыртууга 121 миллион сом каралганын, сүт кластерин түзүү иши башталып, 5 миллион долларлык долбоор менен 4000 асыл тукум уй алынып атканын, андан сырткары айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыялар каралганын маалымдады.

Жакынкы жылдарда асыл тукум малдын башын көбөйтүп, эт, сүт кластерлерин түзүү, сафлор, карагат, чычырканак сыяктуу маданий өсүмдүктөрдү өстүрүүнү колго алуу менен облустун айыл чарбасынын деңгээлин жогорулатып, учурда айыл чарбасынан алынган дүң продукция 21 миллиард сомду түзсө, бул көрсөткүчтү 2-3 жылдын ичинде бир нече эсеге көбөйтүүгө ишеничи зор экенин билдирди.

Биринчи ирет өткөрүлүп жаткан Айыл чарба форумунда асыл тукум мал чарбаларын көбөйтүү менен эт, сүт кластерлерин түзүү, сафлор, чычырканак, карагат сыяктуу маданий өсүмдүктөрдү өстүрүүнү тажрыйбалоо, картошка өндүрүүнүн сапатын арттыруу, ирригация системасын жакшыртуу, айыл чарба кооперативдерин, үрөн чарбаларын көбөйтүү, айыл чарба тармагында берилип жаткан жеңилдетилген насыялар боюнча адистер тарабынан баяндамалар жасалып, дыйкан-фермерлер үчүн пайдалуу маалыматтар берилди.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси жана В2В форматындагы жолугушуу уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий