Нарында бетон мамычаларды өндүрүүчү цехтин курулушу аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Нарын шаарында бетондук мамычаларды өндүрүүчү цехтин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, цех жакында пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Анын жалпы аянты 396 м² түзгөн бул цехте жылына орто эсеп менен 1500 даана темир бетондук мамычаларды өндүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, трансформатордун алдына коюлуучу шакекчелер (кольцо), кабелдик каналдарга арналган темир бетондук лотоктор , трансформатордун айланасына орнотулуучу тосмолор да өндүрүлөт.

Цехте колдонулуучу жабдыктар заманбап жана жогорку өндүрүштүк кубаттуулукка ээ. QB-35 үлгүсүндөгү бетон чыгаруучу жабдык саатына 35 м³ аралашма даярдоого мүмкүнчүлүк берет, ал эми жүк көтөрүүчү кран 8 тонна салмакты көтөрө алат. Ошондой эле арматура ийүүчү жана кесүүчү аппараттар, темирбетон буюмдарын буу менен кургатуучу жана гидравликалык чоюуучу жабдыктар да орнотулган.

Мурда башка цехтерден сатып алынып келген темир бетондук мамычалардын орто эсеп менен жеткирүү акысы менен бирге 11-12 миң сомду түзсө, 2024-жылдан баштап бул цехтин ишке кириши менен Нарын электр тармактар ишканасынын чыгымдарын бир кыйла кыскартуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Белгилей кетсек, аталган цех ишке берилсе жумуш орундары түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий